Алымкадыр Бейшеналиев менен Сабырбек Жумабековдун тиреши (видео)

2292

Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборун кайра түзүүнү кааласа, Сабырбек Жумабеков бул бир топ ишти үзгүлтүккө учурата турганын айтып каршы чыгууда. Ортопеддин айтымында, каржылык бузуулар боюнча айткан министрдин билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт.

Бул анын кызматтык ордун алыш үчүн жасалып жаткан бут тосуулар экенин да жашырган жок. Министр Бейшеналиев болсо аталган мекемени шаардык клиникалык оорукана кылып өзгөртүүнү каалап жатат. Айтымында, ал жай бейтаптардан каражат топтоочу мекемеге айланып калган.