Ара төрөлгөн балдарды кыргыздар калпакка салып бакканбы? (видео)

1412

Бүгүн Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын күнү белгиленүүдө. Өлкөдө жылына 150 миң ымыркай жарык дүйнөгө келсе, анын 12-13 миңи маалына жетпей төрөлүшөт. Тилекке каршы, алардын баары эле жашоосун улантып кете албайт. Себеби кээ бирлери — тубаса илдеттер менен төрөлсө, айрымдарынын салмагы өтө эле төмөн болот. Андыктан мындай балдардын ата-энелерине дарыгерлердин да, коомчулуктун да колдоосу керек. Кыргызстанда ара төрөлгөн наристелердин күнү быйыл үчүнчү ирет белгиленип жатат. Иш-чарага балдар жана ата-энелер келип, кызыктуу оюн-зоокторго катышуу менен бирге, тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.