Балдардын органдары сатылып жатат деген маалымат жалган (видео)

1217

Социалдык тармактарда Бишкек жана Чүй областынын айрым райондорунда кичинекей балдар уурдалып, алардын ички органдары кесип алынып жатат, деген айың-кептер — жалган! Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти. Интернетте тараган бул маалыматтын негизинде иликтөө жүргүзгөн тартип сакчылары текшерилген аймактарда «адам уурдоо» фактысы катталбагандыгын аныкташкан. Медициналык жактан алганда дагы бул маалыматтар чындыкка коошпойт, дешет дарыгерлер. Себеби трансплантация жасаш үчүн адамды бир нече айдан ашуун изилдеп, бир нече анализдердин жыйынтыктарын алуу керек. Анын үстүнө, Кыргызстанда мындай операцияларды жасаганга жабдык да, эң башкысы бир дагы трансплантолог адис жок экен.