Баткенде кутурма менен ооруган карышкырлар тургундарга кол салды

1245

Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында эки бөрү айылды аралап кирип келип, беш кишини талаган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Окуя үч күн мурда болгон. Учурда карышкыр тиштеген төрт адам ооруканада дарыланууда.

Маалыматтарга караганда, айылдыктар карышкырдын бирөөнү өлтүрүшкөн. Аны текшерген учурда кутурманын белгилери аныкталган. Учурда жырткыч жаныбардан жабыркагандар кутурмага каршы эмдөө алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.