Бишкекте хирургиялык кийлигишүүсүз операция жасалды (видео)

1224

Кыргызстанда жүрөктүн ыргагынын бузулушунун баштапкы стадияларында, хирургиялык кийлигишүүсүз дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборуна заманбап жабдуу тапшырылып, анда биринчи операция жасалды. Бирок бейтапканада бул аппарат менен иштеген жалгыз гана адис бар. Ал Москва шаарында атайын тажрыйба топтоп келген. Белгилей кетсек, аритмияны дарылоочу мындай аппарат буга чейин жеке клиникаларда гана болгон. Эми Улуттук борбордо да колдонула баштады.