Бишкекте журналист Уланбек Эгизбаевге арналган китептин бет ачары болуп өттү

787

Чындык деп жанган өмүр. Маркум журналист Уланбек Эгизбаевге арналган ушундай аталыштагы китептин бет ачары болду. Ага «Азаттык медианын» кабарчысы болгон Улан Эгизбаевдин эмгектери, коррупцияны, мыйзамсыз иштерди ашкерелеген видео иликтөөлөрү, документалдык тасмалары  жазуу түрүндө киргизилген. Ошондой эле, анда журналисттин макалалары, анын фото-баяндары да камтылган.

Уланбек Эгизбаев жөнүндө эскерүүлөр, фото-репортаждар дагы ушул китептен орун алган. Китептин бет ачары маркум журналисттин энеси, бир катар саясатчылар, Жогорку кеңештин депутаттары, журналисттер, активисттер, кесиптештери, «Азаттыктын» жетекчилеринин жана университеттеги мугалимдеринин катышуусунда өттү.

Бул китеп Уланбек Эгизбаевдин ишин улайм деген таланттуу жаштарга кеңешчи жана жардамчы боло алат дешет, анын түзүүчүлөрү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.