Бишкектеги эмканаларды кыскартуу эмнеге алып келет? (видео)

880

Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгону жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүзүп жаткан оптимизациянын негизинде борбор шаардагы 19 бейтапканалар бириктирилип, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору түзүлүп, калган 15-и филиал катары иштеп калат.

Аткаминээрлердин айтымында мындай кадам мамлекеттик бюджетке жеңилдик алып келет жана калкты сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоого мүмкүнчүлүк  түзөт. Бирок айрым ак халатчандар мындай чечимге макул болбой, тымызын нааразы болушууда.