Бишкектин бала бакчаларында сарык оорусу күч алганы кабарланууда

1248

Интернет булактарында Бишкектин бала бакчаларында сарык оорусу күч алганы тууралуу маалыматтар тарады. Бул ата-энелер арасында кооптонууну жаратты. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистеринин айтымында, учурда бала бакчаларда «гепатит А» илдети боюнча абал туруктуу.

Буга чейин бир бала бакчада эки бөбөк сарык болуп ооруп, ал бакча убактылуу жабылган. Бирок иликтөөнүн жыйынтыгында, балдар бул илдетти бири-бирине жуктурбаганы белгилүү болгон.

Адистердин айтымында, тескерисинче бала бакчага барбаган наристелер сарыкка көп кабылышууда. Ноябрь айында ичеги-карын инфекциялары күчөөрүн айткан дарыгерлер, ата-энелерди балдарга дыкат көзөмөл кылуу керектигин эскертишүүдө.

Анткени Гепатит илдетинин жеңил түрү болуп саналган А жана Е формалары жуулбаган жер-жемишти жегенден жана илдетти жуктуруп алган адам менен байланышта болгондо жугуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору.