Бомждор жана түрмөдөн чыккандар – коркунучтуу илдеттин булагы (видео)

918

Кургак учукту дарылаган медиктерге барына кошумча акы төлөөгө каражат жетишсиз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Туберкулез өтө жугуштуу болгондуктан бардык эле дарыгерлер бул адистикте иштөөгө макул боло беришпейт. Ошентсе да, кургак учукка кабылгандарды дарылган медиктерге сый акы берүү системасы Бишкек шаарында гана иштеп жатыптыр. Ал эми бирдиктүү системаны өлкө боюнча киргизүү азырынча ишке ашпай келет. Ал ортодо депутаттар Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учук менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражатты убагында өздөштүрбөй жатканын сындашууда.