Чайды заара деп анализ чыгарган лаборанттар иштен алынабы? (видео)

1990

Өлкөдө дарылануу барган сайын кооптуу болуп бараткандай. Кыргыз медицинасы көңүл жубатаарлык эмес экени айтпаса да белгилүү. Бирок акыркы окуя чектен ашкандык. Эске салсак, НТС телеканалынын «Журналисттик иликтөө» көрсөтүүсүндө лабораторияга анализге заара ордуна демделген көк чай тапшырышкан. Ал эми медициналык жайларда иштегендер эч камырабастан, кадимки анализдин жыйынтыгын жазып беришкен. Бул боюнча материал эфирге чыккандан бери бир апта өттү. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги жана укук коргоо органдарынан реакция байкала элек. Адистер Бишкектеги 70тен ашуун лабораториянын иши көзөмөлгө алынып, алардын сапаттууларын гана калтыруу пландалып жатканын айтышат.