Чүй областында үч жарым миң калкты тейлөөчү ФАП ачылды (видео)

975

Чүй областында үч айыл элинин бир көйгөйү чечилди. 20 жылдан ашык убакыттан бери медициналык мекемеси жок Он бир жылга айыл өкмөтүндө жаңы борбор ачылды. Жергиликтүү тургундар көптөн бери күтүп жүргөн үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмү курулуп, ишке берилди. Элеттиктердин айтымында, көп жылдан бери тийиштүү медициналык кароодон өтө албай, убайым тартып келишкен. Сыркоологондор ийне сайдырыш үчүн эле бир нече чакырым алыстыкта жол жүрүп, райондук же областык ооруканага кайрылышчу. Анткени эмкананын эскилиги жетип, жарактан чыгып калган.