COVID-19дан каза болгон дарыгердин бүлөсүнө компенсация төлөнөт

3406

Саламаттыкты сатоо министрлиги COVID-19дан каза болгон Бишкек шаарындагы №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Көкүмбаева Жүзүмкан Асановнанын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, Жүзүмкан Асановна өмүр бою саламаттык сактоо системасында иштеген.

«Бүгүнкү күндө коронавирустан эки жаран каза болду. Анын бирөө Жалал-Абад облусунун тургуну, экинчиси медицина кызматкери. Учурдан пайдаланып Саламаттык сактоо министрлигинин атынан, өзүмдүн жана бардык медкызматкерлердин атынан биздин кесиптешибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Көкүмбаева Жүзүмкан Асановна 30 жылдан ашык саламаттык сактоо системасында иштеп келди. Ал Саламаттык сактоонун отличниги болгон. Ал өзүнүн эмгек жолунда чынчыл жана өзүнүн ишин жакшы билген көсипкөй адис катары жашап өттү», — деди Акматова.

Коронавирус жуктуруп алып каза тапкан дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом компенсация төлөнөт. “Учурда акча тууралуу кеп кылуу кыйын болуп турат. Бирок айта кетсем, каза тапкан кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү боюнча документтер даярдалып жатат”, — деди Айнура Акматова.

Эскерте кетсек, 2-майда Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумган. Алардын бири – медицина кызматкери, ал №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 1962-жылы туулган Көкүмбаева Жүзүмкан Асановна, экинчи бейтап 1951-жылкы Жалал-Абад облусунун тургуну.

Белгилей кетсек, 3-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ке жетти. Алардын ичинен 207си медицина кызматкери. Илдеттен 564 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.