Коронавирустан улам быйыл Меккеге ажылык зыяратка барууга тыюу салынды

38533

Сауд Арабия бийлиги коронавирус пандемиясынан улам быйыл Мекке жана Медина шаарларына ажылык сапарга келген чет элдик жарандарды кабыл албай турган болду. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлигинин маалыматына таянуу менен билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, бул жылы Сауд Арабияда жашаган гана мусулмандар зыярат кыла алышат. «Коронавирус коркунучунан улам көп адамдын чогулушуна жол берилбейт. Быйылкы ажылыкка чектөө киргизилип, өлкө аймагында жүргөн гана ар улуттагы адамдар катыша алат. Ооруну жуктургандар көп катталып жаткандыктан Меккедеги ыйык Кааба ташы жайгашган жер дагы деле жабык турат», — деп айтылган маалыматта.

Сауд Арабиясында 161 миңден ашуун адам COVID-19га кабылып, араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчи оорунда. Бир нече күндөн бери күнүнө 3 миңден кем эмес жаңы учур катталууда. Оорунун кесепетинен 1307 адам каза болуп, 105 миң киши айыгып чыкты. Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 6110 адам бармак.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.