“Дарыгерлер депозити” долбооруна бөлүнгөн акча ээлерине жетпей жатат (видео)

801

«Дарыгерлер депозити» программасы өзүн актабай калды. Өлкөдө 3000 врачтын орду бош турат. Ага жаш адистерди тартуу үчүн «Дарыгерлер депозити» программасы да жардам бере алган эмес. Белгилей кетсек, бул программа 2006-жылы киргизилген. Алгач жаш адистердин банктык эсебине ай сайын 3000 сомдон салынса, кийинчерээк бул сумма 10 миң сомго чейин жогорулатылган. Бирок жаш адистерди бул программага кызыктыруу аракетинен майнап чыккан жок. Сынактын негизинде тандалып алынган 50 адамдын ичинен болгону 16сы гана иштеп калган. Бирок кийин белгилүү болгондой, бюрократиянын айынан алардын баары эле өзүнө бөлүнгөн каражатты толук ала алган эмес.