Дарыгерлер менен министр тирешүүдө (видео)

2983

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев отставкага кетсин! Дал ушундай талап менен кол топтоо башталды. Демилге врач-педиатр Бактияр Абсаматовго таандык. Бир күн аралыгында эле 30 га жакын киши кат жазып, анын демилгесин колдой турганын билдиришиптир.

Ал эми министр Бейшеналиев болсо, ага каршы кол чогултулуп жатканын кадимкидей эле көрүнүш катары кабыл алганын билдирди. Айтымында, анын жүргүзүп жаткан реформалары бул тармакта коррупциялык схемаларды түзүп алгандарга жакпай жатат. Алар киреше булагынан айрылгандыктан чабуулга өтүштү, — дейт министр.