Дарыгерлердин айлыгы 50-100 пайызга көтөрүлөт (видео)

2133

Апрель айынан тарта үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт. Булардан тышкары орто, кенже медицина кызматкерлер жана башка адистердин эмгек акысына 50 пайыз кошулат. Ал эми 1-июлдан баштап дарыгерлер менен административдик бөлүмдүн эмгек жамааттын маянасы дагы 50 пайызга жогорулай турган болууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун эсептөөсүнө ылайык, буга чейин 5 миң сом маяна алган дарыгер, бир катар кошумчалар менен колуна 17 миң алат деп болжолдонууда. Бул үчүн өлкө бюджетинен кошумча 1,5 миллиарддан ашык каражат каралды.