Дарылоодон өтүп жаткан 34 адам канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды

1053

Стационардык дарылоодон өтүп жаткан 34 адам канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, дарылануудан өтүп жаткан 122 кишинин абалы канааттандырарлык. «10 адамдын абалы орточо оор, 6 адам – реанимацияда, ал эми 34 адам – канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди Акматова.

Эске сала кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.