Депутат оорукананы “шыпаакана” деп атоону сунуштады (видео)

1464

Өлкөдө эпид.кырдаал курчуганына байланыштуу министрлер кабинети ушул жумада коронавирус боюнча жаңы алгоритм бекитет. Бул тууралуу вице-премьер Эдиль Байсалов Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди. Аткаминердин айтымында, учурда омикрон штаммы ар бир үй-бүлөгө жетти. Андыктан ПЧР-тест алуунун кажети жок, — дейт ал.

Болгону адам сасык тумоолоп, жөтөлүп, дене табы көтөрүлсө автоматтык түрдө коронавирус жуктурду деп эсептөө керек. Анан да коронавирустун жаңы штаммы кулачын кенен жая баштаганына карабастан, өкмөт тарабынан катаал чектөөлөр киргизилбей турганы кошумчаланды.