Ташкентте «Тавхид ва жиход катибаси» террордук уюмунун 11 мүчөсү кармалды

37816

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги 30-июнда эл аралык «Тавхид ва жиход катибаси» террордук уюмунун 11 мүчөсү кармалганын билдирди.

Өлкөнүн Жогорку Сотунун 2016-жылдагы токтому менен «Тавхид ва жиход катибаси» өлкөдө тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргизилген.

Маалыматка караганда, операциянын жүрүшүндө Ташкент шаарынын Алмазар жана Шайхантахур районундагы 8 үйдө тинтүү жүрүп, 11 адам кармалган.

23-июнда да ушул эле уюмдун мүчөлөрү колго түшкөнү кабарланган.

Анда 25 үйдө тинтүү жүрүп, Ташкент шаары менен Ташкент облусунда 25 киши ички иштер органдарына жеткирилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.