Эми «Мегакомду» кантип сатабыз? (видео)

980

«Мегаком» компаниясы кандай жол менен сатылары азырынча белгисиз. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Анын айтымында, учурда мекеме бардык тиешелүү документтерди талдап жатат. Ал арада, «Мегаком» компаниясынын баасын түшүрбөй эле, узак мөөнөткө карызга берүү жолу менен сатуу керек деген пикирлер да бар. Ошондой эле, 100 пайыз акциясы Мамлекеттин карамагында болгон уюлдук оператордун ишмердүүлүгүн комплекстүү иликтеп чыгуу зарылдыгы айтылууда.