Туннелден өтүү акысы 50дөн 6 600 сомго чейин болушу мүмкүн

13371

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек — Ош унаа жолундагы туннелдер аркылуу унаалардын өтүүсү үчүн акы алууну пландоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Төлөм Бишкек-Ош унаа жолдорундагы туннелдерди талаптагыдай тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн киргизилет. Каражат автоматташтырылган система же өткөрүү пунктары аркылуу алынышы мүмкүн.

— Жеңил унаалар үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 50 сом, чет элдик номерлүү унааларга 5 доллар;

— Кичиавтобус жана жүк ташуучу унаа (3 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 100 сом, чет элдик номерлүү унааларга 10 доллар;

— 22 орундуу автобус жана жүк ташуучу унаа (3 тоннадан жогору жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 150 сом, чет элдик номерлүү унааларга 20 доллар;

— 22ден 32 орундуу автобус жана жүк ташуучу унаа (10 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 300 сом, чет элдик номерлүү унааларга 40 доллар;

— 32 орундан жогорку автобус жана жүк ташуучу унаа (25 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 350 сом, чет элдик номерлүү унааларга 60 доллар;

— Жүк ташуучу унаа (25 тоннадан жогору жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 400 сом, чет элдик номерлүү унааларга 80 доллар (болжол менен 6 миң 600 сом).