Эпидемиологиялык кырдаал оорлосо карантин чаралары күчөтүлүшү ыктымал

9616

Азаттыктын берген маалыматына ылайык, бул тууралуу 4-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Боронов соңку он күндө Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө да ооругандар көп каттала баштаганын белгиледи. Ошону менен катар премьер-министр өкмөт чектөөлөрдү киргизбөөгө колдон келишинче аракет жасарын белгиледи.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Соңку бир күндө вирус менен 244 адам жаңы катталды. 1-2 жума мурда бир суткада оору жуккандар 40-50нүн тегерегинде катталып жаткан.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон.