Эрнст Акрамов операция жасоону улантууда (видео)

7928

Белгилүү дарыгер Эрнст Акрамов өз ишин жасап, Чүй областтык ооруканадагы Хирургия жана реконструкциялык калыбына келтирүү илимий борборун жетектөөсүн улантууда. Буга чейин саламаттыкты сактоо министри дарыгерди иштен бошотуп, ал башкарган тиешелүү илимий жайды жапканын билдирген болчу.

Буга нааразы болгон бир катар коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү окумуштуу-хирургдун ар-намысын коргоо штабын түзүшкөнү кабарланган. Алар министрлер кабинетине кайрылуу жолдогонго да жетишишкен.