Эрнст Акрамовдун борбору жабылып, өзү иштен алынды (видео)

5480

Чүй областтык ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылып, анын жетекчиси Эрнст Акрамов иштен алынды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаңыдан түзүлүп жаткан шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасына барганда билдирди.

Ал арада жаңыдан түзүлүп жаткан шаардык Тез жардам клиникасы расмий оорукана макамына ээ болгону менен ишин баштай элек. Буга кээ бир бөлүмдөр башка бейтапканаларга которулбай жатканы себеп болуп жатыптыр.