Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы 40% жогорулады

1614

Быйыл жыл башынан тарта ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга жогорулады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин бир кызматкердин айлык маянасы орточо эсеп менен 11 миң сом болсо, эми ал 19 миң сомду түзөт. Ошондой эле убактылуу батирде турган кызматкерлерге да акча төлөнөт. Эгерде Бишкек шаарында батирде турса 9 миң сом, аймактарда болсо 7 500 сом берилет.

Белгилей кетсек, бүгүнтөн тарта ички иштер органдарындагы кызматкерлер келишим менен иштешет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.