Иран илдеттин Жакынкы Чыгыштагы эң чоң очогуна айланды

2000

Расмий маалыматка караганда, вируска 250дөй киши чалдыккан. 26 адам каза болуп, 49 адам дарыланып чыкты. Мындан улам, Тегеран өкмөтү вирус аныкталган же шектелген адамдарга эки жака саякаттоого тыюу салды. Ирандын 23 провинциясында жума намаз өткөрүлбөйт.

Буга чейин Ирандын вице-президенти Масумех Эбтекар коронавирусту жугузуп алганы кабарланган. 3 күн мурда, аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ираж Харирши да коркунучтуу илдетке кабылганы айтылган.

Учурда коронавирустан коргонуу үчүн Сауд Арабиясы өлкөгө умра сапары менен баргандарды киргизбей турууну чечти. Мындан сырткары, коронавирус жайылып жаткан мамлекеттердин жарандарына виза берүү убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.