Түркияда жасалма ичимдиктен каза болгондордун саны күндөн күнгө көбөйүүдө

32941

9-октябрдан бери Түркиянын Измир, Стамбул, Мугла жана Кыркларели аймактарында жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондордун саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, жалпысынан 49 киши каза болуп, ооруканада элүүдөн ашык бейтап дарыланып жатат.

Жасалма ичимдиктерди мыйзамсыз жасап саткандарды табуу үчүн Түркиянын Ички иштер министрлиги атайын операция уюштуруп, беш аймактан 58 шектүү жаранды кармаган. Тергөөдөн кийин алардын жетөө камакка алынган. Бул операцияларда полиция 16737 литр этил спиртин, 3253 литр спирт жана 2495 бөтөлкө алкоголдук ичимдикти конфискация кылган.

Жергиликтүү серепчилер жарандардын жапырт ууланышына дүкөндөрдө мыйзамсыз, арзан жана тымызын сатылган алкоголдук ичимдиктер себеп болгонун айтышууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.