Жабылат делген менчик мед.клиникалар ишин улантууда (видео)

3294

Саламаттыкты сактоо министрлиги бир нече жеке клиниканы сотко берүүгө камынууда. Мекеме буга чейин 111 меджайды жабуу чечимин кабыл алып, тиешелүү актыларды түзгөн. Ага ылайык, тизмеге кирген медициналык борборлор ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, мүчүлүштүктөрүн жоюу үстүндө иштөөсү зарыл болчу.

Бирок ага карабастан көпчүлүгү ишин улантып, бейтаптарды кабыл алып жатканы белгилүү болду. Андыктан министрликтин тиешелүү бөлүмү тергөө органдарына арыз даярдап жатыптыр. Ошондой эле, жакындан тарта талапты бузду делген жеке меджайлардын лицензиялары чекесинен артка чакыртылып алына баштайт экен.