Жарамга келген тез жардам унаалары жараксыз болуп калды (видео)

824

Гранттык каражатка келген 15 тез жардам унаасы үч айдан бери колдонууга берилбей турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги аларды кабыл алуудан баш тартууда. Анткени унаалардын техникалык параметрлери тендерде көрсөтүлгөн талаптан таптакыр башкача болуп чыккан. Кээ бир унаалар узун болсо, айрымдары тар. 15 унаанын ичинен экоону гана Тез жардам кызматы үчүн колдонууга болот, дешет адистер. Ал эми машиналарды сатып алып жеткирген компания кемчиликтерди жоебуз деп убада берүүдө.