“Жеке менчик мед.окуу жайлар соттун чечими менен гана жабылат” (видео)

4318

Талапка жооп бербеген жеке менчик медициналык окуу жайлар соттун чечими менен гана жабылат. Билим берүү жана илим министрлиги саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин сөзүн жокко чыгарууда. Ал эми аткаминер жетектеген мекеменин өкүлдөрү клиникалык базасы жок университеттер менен колледждер лицензиясына карабай ишин токтоторун айтышууда.

Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев жеке менчик медициналык окуу жайлардын клиникалык базасы текшериле турганын билдирген. Бирок бүгүнкүгө чейин ал иш баштала элек. Буга текшерүүчү комиссиянын курамы бекибей жатканы себеп болууда.