Жүрөк-кан тамыр оорулары көбөйүүдө (видео)

3347

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын текшерип, дарылоо үчүн «ангиограф» аппараттары тартыш болууда. Учурда өлкө боюнча мындай 4 гана жабдык бар экен. Дарыгерлер убагында кайрылган бейтаптарга бир сааттын ичинде жардам көрсөтүп, оорунун кесепеттеринин алдын алууда бул жабдуунун жардамы чоң экенин белгилешет. «Ангиограф» аппаратынын жардамы менен ичкерип кеткен тамырлар кеңейтип, стент орнотулат. Бул стенддер да каражаттын аздыгынан улам мамлекет тарабынан аз гана санда сатылып алынат экен. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын кантип алдын алууга болот?