Коронавирусту жуктурган 2 учур катталып, ооругандардын саны 44 кишиге жетти

2125

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 2 учур катталып, ооругандардын саны 44 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. Анын айтуусуна караганда, илдетти жугузуп алгандар 1960-жылкы жана 1985-жылкы эркек кишилер.

«Илдетти жуктуруп алган 60 жаштагы киши Испаниядан учуп келген аялдан жуктуруп алган (байланышта болгон). Ал аны аэропорттон тосуп алган экен. Ал эми экинчи бейтап Дубайдан учуп келген. Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат», — деди ал.

Акматова кошумчалагандай, 1960-жылкы бейтап Бишкек шаарынын, ал экинчи бейтап Чүй облусунун Москва районунун тургундары.

Ошентип, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 учур аныкталган, алардын ичинен:

— Ош облусунда – 20 учур,

— Жалал-Абад облусунда – 19 учур,

— Бишкек шаары – 3 учур,

— Чүй облусунда – 1 учур,

— Баткен облусунда – 1 учур.