Коронавирусту жуктургандар менен 6 миң 537 адам байланышта болгон

1931

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган бейтаптар менен 6 миң 537 адам байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтуусунда, жакын байланышта болгондордун саны 1 миң 178 (1-категория), ал эми башка байланыштар болгондордун саны 5 миң 359 (2-категория) түзөт. «Байланышкан жактардын саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.