Кыйноого алынган наристенин апасы шектүүгө болушууда (видео)

4960

Сокулук районунда аёосуз сабалган 2 жашар бала Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасына которулду. Учурда бөбөк нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Медицина кызматкерлери анын абалы турукташып калганын айтышууда. 3-февраль күнү кечинде Сокулук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө ар кандай жаракат алган, дене бою көк ала болгон эки жашар наристе түшкөн.

Аталган факты “кыйноо” беренеси боюнча каттоого алынып, шектүү катары 35 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Алынган маалыматтар боюнча, бөбөктүн апасы милицияга берген алгачкы көрсөтмөсүнөн баш тартып, шектүүнүн таламын талашууда.