Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборго келип түшкөн азырдануулар көбөйүүдө

1033

Жыл башынан бери кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго 250гө жакын арыз-даттануу келип түштү.

Бул тууралуу борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов кабарлады. Кайрылуулардын ичинен 100дөн ашуусу кыйноо фактылары боюнча, калгандары башка укук бузууларга байланыштуу.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматы боюнча, арыздануулар жылдан-жылга көбөйүүдө. Кыйноолордун көбү кылмышка шектелип кармалгандардын күнөөсүн моюнга алдыруу үчүн жасалып жатканы белгиленүүдө.

Мындай арыз-даттануулардын негизинде башкы прокуратура 10 чакты кылмыш ишин козгогон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.