Кылмышка шектүүлөрдөн кыйнап көрсөтмө алуу качан токтойт? (видео)

681

Кыргызстанда милиция тарабынан кармалган жана убактылуу кармоо жайларына түшкөн ар бир үчүнчү адам кыйноого дуушар болот. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтылды. Ага ылайык, тартип сакчыларынын зомбулугуна даттанып, укук коргоо борборлоруна кайрылуулардын саны жылына 300го жетет экен. Бирок прокуратура кайрылуулардын 90 пайызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартат, дешет укук коргоочулар. Кыйноого алуу маселесине арналган иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер бул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.