Кылмыштуу топтор министр Бейшеналиевди коркутууда (видео)

2460

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коркутууга кабылды. Бул тууралуу ал өзү билдирип, ага уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү телефон чалып, медициналык окуу жайларды жабуу оюнан баш тартуу талабын коюшканын айтты. Эгер талаптары аткарылбаса, өмүрүнө коркунуч жараларын да эскертишкен.

Министр буга чейин медициналык инистутунун башында турган олигархтар менен бизнесмендер ортого киши салып, билим берүү мекемелерди жабууну токтотууну суранып жатканын айткан болчу. Алымкадыр Бейшеналиев болсо ар кандай тоскоолдуктарга карабастан талапка жооп бербеген окуу жайлар жабылып, тармакта реформа ишке ашырыла берерин убадалоодо.