Кыргызстанда 649 жасалма дем алдыруучу аппарат бар, анын ичинен 365и иштейт

3561

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, дагы кошумча 80 аппарат талап кылынууда. “Ушул күнгө чейин «Ас-Сафа» жана «Сорос» фонддору аркылуу өлкөгө 4 жасалма дем алдыруучу аппараты сатып алынган. Алардын бирөө Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына, бир аппарат Баткен облусуна, бирөөсү Токмок шаарына жана бир аппарат Жалал-Абад шаарына берилген”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.