Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандар көбөйүүдө (видео)

862

Жыл башына алынган расмий маалымат боюнча, учурда 55 миң адам аталган илдет менен жабыркайт. Бирок адистердин айтымында, оорусун жашырып же билбей жүргөндөрдүн саны расмий статистикадан үч эсе жогору. Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнү. Буга карата Бишкек шаарында кандагы глюкозанын деңгээлин бекер аныктап берген акция өткөрүлдү. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында флешмоб, спорттук иш чаралар уюштурулуп, дарыгерлер калаа тургундарынын кан басымын ченеп беришти.