Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 42 жаңы учур катталды

1829

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 419 кишиге жетти.

«Жаңы катталган 42 учурдун ичинен Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 9, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 9 жана Баткен облусунда – 1 учур бар. Алардын ичинен 23ү аял, 19у эркек», — дейт ал.

Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 419 учур катталды. Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 91,

Ош облусунда – 128,

Ош ш. – 59,

Чүй облусунда – 27,

Бишкек ш. – 69,

Баткен облусунда – 5,

Нарын облусунда – 34,

Ысык-Көл облусунда – 6.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.