Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 38 жаңы учур катталды

1533

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин берген маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 377 кишиге жетти.

«Жаңы катталган 38 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Ысык-Көл – 2 жана Нарын облусунда – 13 адам бар. Булардын бардыгы обсервацияда жаткандар, 25и аял, 13ү эркек», — деп баса белгиледи Каратаев.

Белгилей кетсек, 12-апрелге карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 377 учур катталды. Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 89

Ош облусунда – 119

Ош ш. – 54

Чүй облусунда – 21

Баткен облусунда – 4

Бишкек ш. – 59

Нарын облусунда – 25

Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталган учурлардын ичинен: 201 –аял, 176 – эркек.