Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 41 жаңы учур катталды

2512

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин берген маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 339 кишиге жетти. «Жаңы катталган 41 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 18, Ош шаарында — 6, Нарын облусунда – 2 адам бар. Алардын 22си аял, 19у эркек», — деп кошумчалады ал.

11-апрелге карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 339 учур катталды. Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 89;

Ош облусунда – 98;

Чүй облусунда – 15;

Баткен облусунда – 4;

Ош ш. – 36;

Бишкек ш. – 42;

Нарын облусунда – 10;

Ысык-Көл облусунда – 4.

Катталган учурлардын ичинен: 176 –аял, 163 – эркек.