Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин берген маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 339 кишиге жетти. «Жаңы катталган 41 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 18, Ош шаарында — 6, Нарын облусунда – 2 адам бар. Алардын 22си аял, 19у эркек», — деп кошумчалады ал.
11-апрелге карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 339 учур катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 89;
Ош облусунда – 98;
Чүй облусунда – 15;
Баткен облусунда – 4;
Ош ш. – 36;
Бишкек ш. – 42;
Нарын облусунда – 10;
Ысык-Көл облусунда – 4.
Катталган учурлардын ичинен: 176 –аял, 163 – эркек.