Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1002ге жетти

3351

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 71 учур катталды. Анын ичинен 55 учур Соль-Илецк шаарынан келгендерден аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган 71 учурдун ичинен:

— Бишкек шаарында – 2;

— Чүй облусунда — 56, алардын ичинен 55 Соль-Илецк шаарынан келгендер;

— Жалал-Абад облусунда — 5;

— Ош облусунда — 3;

— Баткен облусунда — 4;

— Нарын облусунда — 1.