Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны дагы 5 адамга көбөйдү

1196

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады. Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти.

«Катталган 5 жаңы учурдун ичинен Ош облусуна караштуу Ноокат районунда – 2 адам, Ош шаарында – 1 адам жана Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында – 2 адам бар», — деп кошумчалады ал. Мамбетов билдиргендей, жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, 3 – ооругандар менен байланышта болгон.

Эске сала кетсек, күн мурун, 1-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуктурган 4 жаңы учур катталган болчу. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен беш адам коронавирустан айыгып чыккандыгы кабарланды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.