Кыргызстанда кыйноонун материалдык чыгымы эсептелди

817

Бишкекте «Кыргыз Республикасындагы кыйноолордун укуктук, медициналык жана социалдык кесепеттери» деп аталган изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Изилдөөнүн жыйынтыгында кыйноого туш болгон адамдын материалдык чыгымдары эсептелип чыккан. Ага ылайык, кыйноого кабылган адамдын алган жараатына жараша чыгымдар бөлүнгөн.

Мисалы, жабык жайда зордук-зомбулукка дуушар болуп, оор жараат алган адам бир жылда 4 миллион сомдон ашык каражатты дары-дармек, дарылануу жана башка чыгымдарга жумшаса, мамлекет тарабынан 2 миллион 600 миң сомдон ашык чыгым келет.

Изилдөө авторлорунун айтымында, жыл сайын кыйноолорго дуушар болгондорго миллиондук кенемте төлөнөт.

Ошол себептен кыйноолордун курмандыгы болгондордун жана коомдун экономикалык кесепеттерин эсептеп чыгуу муктаждыгы келип чыккан. Айрым эксперттердин айтымында акыркы алты жыл ичинде 1900дөй адам прокуратурага кыйноо тууралуу арыз жазган.