Кыргызстанда тамекиге көз каранды адамдарын саны көбөйүүдө (видео)

982

31-май “Бүткүл дүйнөлүк тамекиге каршы” күнү катары белгиленип келет. Бул датага карата тамекинин зыяндуулугу жана ал кандай орууларга алып келээри жөнүндө маалымдоо иштери жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда тамекиге көз каранды адамдарын саны көбөйүүдө. Бул көрсөткүч жылына 3 пайызга өсүп турат. Адистердин айтымында, чылым чеккендер жүрөк кан-тамыр, өпкөнүн өнөкөт орусуна жана рак илдетине кабылышат. Негизи эле, тамеки тарткандардын өмүрү коркунучка дуушар болоорун дарыгерлер байма-бай эскертип келишет.