Кыргызстанда уникалдуу операция жасалды (видео)

1557

Бишкекте Улуттук госпиталдын хирургдарды уникалдуу операция жасашты. Жүрөккө 2 см жетпей уюп калган канды кан тамыр хирургу Талайбек Байсекеев атайын аппараттын жардамы менен алып чыкты. Каракол шаарында абалы кескин начарлаган бейтап Бишкекке жеткирилген. Борбор калаадагы дарыгерлер изилдөө маалында, жүрөктүн жанында тромб бар экенин байкап калышат. Мындай учур сейрек кездешкендиктен, 3 оорукананын дарыгерлери чогулуп консилиум өткөрүп, ийгиликтүү операция жасалган.