Маданият кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт (видео)

2111

Өзгөчөлөнгөн сахна көшөгөсү, жаңыртылып тигилген кийимдер жана тынымсыз даярданып жаткан артисттер. 17-апрелде Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында “Ак-Мөөр” спектаклинин бет ачаары болот. Учурда ага баш аягы 250гө жакын театр кызматкерлери күн сайын даярдык көрүүдө.

Айтылуу Соң-Көл сулуусу Ак-Мөөрдүн өмүр таржымалын чагылдырган окуяны композитор-дирижер Жумакадыр Каниметов 1993-жылы музыкалык-драмалык спектакль кылып жараткан. Бирок көрармандар бул жолкусунда режиссер койуучу Искендер Сартбаевдин жаңыртылып иштеп чыккан эмгегине күбө боло алышат.