Мамлекеттик мүлктөр максаттуу пайдаланып жатабы? (видео)

849

Мамлекеттик мүлктөрдү эффективдүү башкаруу боюнча программа эмдигиче иштелип чыга элек. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда билдирди. Анда Мамлекеттик фонддун быйылкы аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берилди. Депутаттар тарабынан эң көп берилген суроо учурда сатылбай турган Мегаком компаниясынын тагдыры болду. Ошондой эле, эл өкүлдөрүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатында коррупциялык элементтерди жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер кызыктырды. Буга чейин мекемеде паракорчулукка жол берген 8 тобокелчилик бар экени айтылган. Алсак, мамлекеттик мекемелерге таандык имараттарды арзан ижарага берүү менен акча кымыруу.